Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 4-июндун эртең мененки саат 09:10уна карата абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 4-июнга караган түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.
"УКМКнын Чек ара кызматынын жеке курамы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерин аткарууну улантып жатышат", - деп айтылды мекеменин маалыматында.
Кечээ 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кыргыз тарап кабарлаган. Чек ара кызматы алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарбаганын, алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын, кийин тажик тарап аскердик оор техникасын тартканын кабарлаган. Саат 14:15те ок атышуу токтогону маалым болгон.
Кыргызстандын жарадар болгон эки аскери Бишкекке тик учак менен жеткирилди. (RK)