Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кол салгандан берки 100 күндүн жыйынтыгын чыгарып, жеңиш украин тарапта болорун убада кылды. 3-июндагы кайрылуусунда ал украиналыктар 100 күндөн бери өлкөсүн орусиялык агрессиядан ийгиликтүү коргоп келе жатышканын жана бул аракетин уланта беришерин айтты.
Ал арада Орусия Украинанын дээрлик талкаланып бүткөн Донецк аймагында чабуулун, бомбалоосун улантууда.
Кремль орус аскерлери Украинанын көптөгөн райондорун украин аскерлеринен “бошотконун” айтууда. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 3-июнда “бул иш атайын аскердик операция бардык максаттарына жетмейинче улана берерин” билдирди.
Зеленский украин аскерлери Северодонецк шаарында орус аскерлерине каршы салгылашууда айрым ийгиликке жеткенин, бирок Донбасстагы абал ал буга чейин “өтө оор” деп мүнөздөгөндөн жакшы жакка өзгөрө электигин 2-июнда кечки кайрылуусунда билдирген.
Орусия Украинага 24-февралда кол салган. (RK)