Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Президент Баткенде жараат алган эки жоокерден кабар алды


Баткенде жараат алган эки жоокер Бишкекке 4-июнда жеткирилди.
Баткенде жараат алган эки жоокер Бишкекке 4-июнда жеткирилди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 4-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жараат алган эки аскерден кабар алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал Улуттук госпиталга барып, дарыланып жаткан жоокерлерге жолукту.

3-июнда Баткенде жараат алган эки жоокердин абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Ал эсинде экени, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылды.

Баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаган, мээси чайкалган 22 жаштагы жоокердин абалы оор, ага операция жасалууда.

Кечээ 3-июнда Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кыргыз тарап кабарлаган. Чек ара кызматы алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарбаганын, алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу болгонун, кийин тажик тарап аскердик оор техникасын тартканын кабарлаган. Бир нече сааттан кийин ок атышуу токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG