Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Зулушев Жапаровдун буйругу “талкууга жатпайт” деп билдирди


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тескемеси менен Башкы прокурорлук кызматтан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев президенттин буйругу “талкууга жатпайт” деп эсептерин 4-июнда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Ал “өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш” деп айтты.

Калыстык ар бир адамдын абийир соту экенин белгилеген Зулушев президенттин аны иштен четтетүү тууралуу чечимин талкуулап жаткандарга “Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү” деп жооп берди.

Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 4-июнда убактылуу четтетилишкен жана буга экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы мындай чечим “Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып” кабыл алынганын билдирген.

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлгөн.

Бейшеналиев 2-июнда кармалып, 4-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Башкы прокуратура ага карата жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген.

3-июнда президент Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан жана "Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы" деген.

16-майда "Азаттыкка" курган маегинде Бейшеналиев аны атайын кызматтын кызматкерлери эки жолу суракка алышканын, ага чейин да "аракет көрүлгөнүн" айтып, "Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу" деп айтып берген. ​

Зулушев кызматынан четтетилгенден кийин айрым юристтер президенттин андай укугу жоктугун айтып чыгышкан. “Тандем” юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева Башкы прокуратура көз каранды эмес мамлекеттик институт экенин, анын башчысын иштен убактылуу болсо да четтетүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керектигин белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG