Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Бейшеналиев менен Зулушевди иштен четтетүүдө ортодогу жеке мамилеси эске алынганы белгиленди


Курманкул Зулушев, Алымкадыр Бейшеналиев.
Курманкул Зулушев, Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишти. Бул тууралуу маалымат 4-июнда президенттин расмий сайтына жарыяланып, эки жетекчи ишинен “тергөө мезгилине” четтетилгени маалымдалды.

Анда айтылгандай, эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, министр менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып” убактылуу четтетилишти.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган.

3-июнда Бейшеналиевдин адвокаты аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын "Азаттыкка" билдирген жана Башкы прокуратура ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) десе, УКМК Башкы прокуратурада деген жообун берип жатышканын айткан.

3-июнда президент Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан жана "Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы" деген.

16-майда "Азаттыкка" курган маегинде Бейшеналиев аны атайын кызматтын кызматкерлери эки жолу суракка алышканын, ага чейин да "аракет көрүлгөнүн" айтып, "Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу" деп айтып берген. ​(RK)

XS
SM
MD
LG