Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Тышкы иштер министрлиги чек арадагы окуя боюнча билдирүү таратты


Тажикстандын Ворух анлкавына кире бериши
Тажикстандын Ворух анлкавына кире бериши

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушун алдын алуу үчүн келишилген макулдашуулардын аткарылышын жактайт. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Авазбек Атаханов билдирди.

Өкүл бардык маселелер саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле тараптарды конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө чакырды.

Бүгүн, 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн чек ара кызматы кабарлаган. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын да мекемеден кабарлашкан.

Саат 14:15те ок атышуу токтогону маалым болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги курал колдонуу менен коштолгон чырда Кыргызстандын эки жоокери жарадар болгонун, бирөөсүнүн абалы өтө оор деп билдирди.

Окуядан киийн эки тарпа чек ара кызмат өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салууну макулдашты.

Төрт-Көчө аймагында өткөн жолугушууда тараптар макулдашууларды аткарып, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

"Саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу"-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG