Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Чек ара: жараат алган аскерлер Бишкекке алып келинет


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин Баткенге барды. 3-июнь, 2022.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин Баткенге барды. 3-июнь, 2022.

3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жараат алган эки аскер тик учак менен Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу Баткен облустук бийлиги билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда башынан жаракат алган 21 жаштагы С.у.Б аттуу жоокердин абалы орточо оор, 22 жаштагы Ж.З. мойнунан жана ийнинен жаракат алып, дем алдыруучу аппаратта жатканын билдирген.

Учурда абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарыгерлер менен Баткенге барганы белгилүү болду.

Бүгүн, 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн чек ара кызматы кабарлаган. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын мурдараак кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын да мекемеден кабарлашкан.

Саат 14:15те ок атышуу токтогону маалым болгон.

Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк чыгыш тарабынан чектешип, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына карайт. Ал жерге аталган айыл аймактын жана Баткен шаарынын малчылары жайытка чыгат. Кара-Булак айыл аймагынын 10 чакты тургундарынын айдоо жерлери жана үйлөрү бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG