Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Чек арада жарадар болгон жоокерлердин абалы айтылды


Баткен.
Баткен.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жарадар болгон эки жоокердин абалы жөнүндө маалымат берди.

21 жаштагы С.у.Б аттуу жоокердин абалы орточо оор. Ал башынан жаракат алган. Экинчиси, 22 жаштагы Ж.З. мойнунан жана ийнинен жаракат алып, азыр дем алдыруучу аппаратта жатат. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Жоокерлерге ыкчам тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн курамында бардык адисттер камтылган дарыгерлер тобу Бишкектен жөнөтүлөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:15те токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлап, эки жактан да жараат алгандар бар экенин кабарлаган.

Мекеме буга чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын мурдараак кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди. Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек.

Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк чыгыш тарабынан чектешип, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына карайт. Ал жерге аталган айыл аймактын жана Баткен шаарынын малчылары жайытка чыгат. Кара-Булак айыл аймагынын 10 чакты тургундарынын айдоо жерлери жана үйлөрү бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG