Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Мадумаров президенттин сынына жооп берди 


Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров. Коллаж.
Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров. Коллаж.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун сынына жооп берди. Мадумаров аны буга чейинки президенттер да сындап келгенин белгиледи.

“Бул экөөнө (ред: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров) менде комментарий жок. Алар "популист" деген сөздү дагы түшүнбөйт. Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?”, - деди Мадумаров.

Президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагы атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча пикирин айтып, депутатты “мамлекетчил эмес” деп айыптаган. Ал эми атайын кызматтын "аткезчилик менен күрөшүп жатканын” белгилеген.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүү алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптаган.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин сөзүнө жооп берип, аткезчилик бир мамлекеттен экинчи мамлекетке ташыганда болорун, Кыргызстандын ичиндеги эки айылдын ичинде пост турбаш керек экенин белгилеген.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG