Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Прокуратура Бейшеналиевдин “пара талап кылуу” иши боюнча маалымат берди  


Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалган учуру.
Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалган учуру.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “опузалап пара талап кылуу” боюнча айыпталып жатканын маалымдады.

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка ылайык, прокуратурага саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов министр Бейшеналиев өткөн жылдын май айынан баштап, бир нече ирээт "кызматтан кетирем" деп коркутуп 1 млн. сом пара талап кылганы боюнча арыз жазган.

“Бектурганов 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 2-июнда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелеринин негизинде козголду.

Ушул эле күнү, Башкы прокуратура билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга шек саналып кармалды. Алар - министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков. Алардын жактоочулары азырынча маалымат бере элек.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ал былтыр президент Садыр Жапаровдун сунушу менен резиденцияда уу коргошун кайнатып, коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн колдонору сынга кабылган. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган.

Бейшеналиев камалганга чейин тармакта жасап жаткан иштерин реформа катары сыпаттап келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG