Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Чек ара: тараптар тартылган кошумча күчтөрдү чыгарууну макулдашты


Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жетекчилери жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салууну макулдашты.

Төрт-Көчө аймагында өткөн жолугушууда тараптар макулдашууларды аткарып, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күч жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын башчылары көзөмөлдөй турган болду.

"Саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу"-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Бүгүн, 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн чек ара кызматы кабарлаган. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын да мекемеден кабарлашкан.
Саат 14:15те ок атышуу токтогону маалым болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG