Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Вашингтон менен Сеул Түндүк Корея өзөктүк куралды сынай турганын кайрадан эскертти


Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сыноосу. 6-январь, 2016-жыл.
Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сыноосу. 6-январь, 2016-жыл.

АКШнын жана Түштүк Кореянын чалгын кызматтары Түндүк Корея өзүнүн түндүк-чыгыш полигонун өзөктүк куралды сыноого даярдап жатканын аныктады. Буга байланыштуу Кошмо Штаттары, Түштүк Корея жана Жапония күтүүсүз абалдарга даярданып жатканын АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сун Ким Сеулдагы үч тараптуу жолугушууда жарыялады.

Пхеньян жакын арада от алдыруучу каражатын текшерүү үчүн атомдук бомбаны сыноодон өткөрүүгө даярданып жатканын майдын аягында Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кызматы өз билдирүүсүндө эскерткен эле.

Түндүк Корея 1993-жылы Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткаруудан баш тарткан жана 2006-жылдан бери кеминде алты жолу атомдук жардыруу жасаган. Акыркысы 2017-жылы сентябрда жарылган. Өзөктүк жана ракеталык куралдарды иштеп чыгуу аракеттерине байланыштуу өлкөгө эл аралык санкциялар салынган.

2022-жылдын башынан бери Пхеньян 17 жолу ракеталык сыноо өткөрдү. Анын ичинде бир нече жолу континенттер аралык баллистикалык ракета атты. Мунун бардыгы атомдук жардырууларга даярдык болушу ыктымалдыгын Жапониянын атайын өкүлү Фунакоши Такехиро кабарлады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG