Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Ошто турак жай кооперативине нааразы болгондор акцияга чыкты


"Ихсан" турак жай кооперативине нааразы болгондор акцияга чыгышты. 6-июнь, 2022-жыл.
"Ихсан" турак жай кооперативине нааразы болгондор акцияга чыгышты. 6-июнь, 2022-жыл.

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарында "Ихсан" турак жай кооперативинен үй ала албай жаткан отуздай киши акцияга чыгышты.

Чогулгандар кезеги келгенине карабай турак жай ала албай жатканын айтып, президентке, укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошту. Алар бийликтен "Ихсандагы" үлүшчүлөрдүн акчасын өндүрүп берүүнү өтүндү.

Буга чейин "Ихсан" кооперативиндеги каржылык чыр-чатактар тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева видеокайрылуу аркылуу элге түшүндүрмө берген. Анда турак жай сатып алуучулардын тизмеси камтылган онлайн портал ирээттелип жатканын билдирген. Ошондой эле "журналисттер, блогерлер туура эмес маалымат таратып жаткандыктан, түшүнбөстүктөр жаралууда" деген өңүттө сүйлөгөн. Ички иштер министрлиги "Ихсан групп ЛТД" турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен тергелип, сотко чейинки өндүрүштү министрликтин Тергөө кызматы жүргүзүп жатканы айтылган. Акинай Бекмурзаева муну тастыктап, милиция сураган ар бир документтер бар экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде. Улуттук банк буга чейин элден акча чогултуп, анын үстүнө кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да көп. (AAb/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG