Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Жон Салливан: Вашингтон менен Москва элчиликтерин жаппашы керек


АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан. Москва. 28-июнь, 2021-жыл.
АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан. Москва. 28-июнь, 2021-жыл.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтон менен Москванын алакасы "жакынкы арада" жакшырарынан күмөн санай турганын билдирди.

Эки өлкөнүн алакасы Орусия Украинага басып киргени Кансыз согуштан кийинки эле эң төмөн деңгээлге жетти.

Орусиянын лидери Владимир Путин Украинага кол салышын өлкөсүнүн тарыхындагы олутуу бурулуш катары атаган. Анын айтымында, Москва Орусияны 1991-жылдан бери басынтып келген АКШнын үстөмдүгүнө каршы чыга алды.

"Мен АКШ менен Орусиянын ортосунда эч качан жемиштүү алака болбойт деп боолголодон алысмын. Анткени бул канча убакытты аларын айта албайм. Азыркы атмосферада андай болбойт.."-деди Салливан 6-июнда ТАСС агенттигине курган маегинде.

Ал ошондой эле АКШнын президенти Жо Байден Вашингтондун позициясын так аныктаганын, ага ылайык, Орусия менен кадыресе иш алып баруу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Салливан белгилегендей, алакалардагы кризиске карабастан, Орусия Американын Москвадагы элчилигин жаппашы керек. Анткени диалогду улантуу үчүн дипломатиялык каналдар ачык бойдон калышы шарт.

Ал эки өзөктүк державалар элчиликтерин жаап салса "чоң ката болорун" кошумчалады.

Орусияга Украинага 24-февралда согуш ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG