Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев дүйнөдөн кайтты


Замир Молдошев. Архивдик сүрөт.
Замир Молдошев. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 7-июнда 69 жаш курагында Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

1953-жылы Сузак районунда төрөлгөн Молдошев аскердик карьерасын 1971-жылы Самарканддагы Жогорку аскердик танк окуу жайында баштаган, 2000-жылы Орусиянын Аскердик академиясын аяктаган. Тажик-ооган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуучу батальонду түзүүчүлөрдүн бири болгон.

Молдошев взводдун командиринен тартып Чек ара кызматынын төрагасына чейинки жетекчилик кызмат орундарын аркалаган.

1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында көрсөткөн жеке эрдиги жана билгичтик менен башкаргандыгы үчүн ал “Эрдик” медалы менен сыйланган.

2012-жылы президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу “Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Бакиевге маалымдап турган жана кылмышты жаап-жашырган” деп айыпталып, күчөтүлгөн режимдеги абакка беш жылга эркинен ажыратылган. Соттук териштирүү учурунда көрсөтмө берип жатып ал Мамлекеттик күзөт кызматынын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Бакиев ага чек арадан өткөндөр тууралуу маалымат берип туруу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылганын, бардык мекемелер жана органдар ошол учурда күзөт кызматы менен кызматташып, эгер маалымат сураса берип турууга милдеттүү болгонун айтып, өз ишин бир нече мыйзамдын талаптарына ылайык аткарганын билдирген жана “фактылар версияны түзбөй эле, версиялар факт катары жазылып жатканын” белгилеген.

2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен Садыркуловдун иши боюнча жалпысынан беш адам 5 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG