Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Баткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүп жатат


Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев
Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштин алкагында кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин тарапташтары Баткен шаарында акцияга чыкты.

Чогулган элүүдөй адам “Урматтуу сот, адилет чечиңиз!”, “Садыр Жапаров, Баткен элине колдоо көрсөтүңүз!”, “Бекжан менен Саатбекке боштондук”, “Адилеттик орносун!” деп кыйкырып турушат.

Ушул тапта Жалилов менен Эгембердиевдин бөгөт чарасы Баткен облустук сотунда каралып жатат.

19-майда Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев, Акжол Абдуллаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү Баткен райондук сотунда каралып, канааттандырылган эмес. Алардын үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылган.

Адвокат Асылбек Кунгуров билдиргендей, прокуратура шектүүлөр үй камагынын шарттарын бузду деген негизде алардын бөгөт чарасын камакка өзгөртүүнү суранган.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев 25-мартта кармалган.

Аларга Баткен облустук прокуратурасы 2021-жылдын 26-августунда Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренеси менен иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG