Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Сурдлимпиадага катышкан спортчулар менен машыктыруучулар сыйланды 


Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарында байгелүү орундарга киргендерге жана алардын машыктыруучуларына 7-июнда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу учурунда Садыр Жапаров бул эл аралык мелдеште өлкөнүн желегин биринчи жолу желбиреткени үчүн ыраазылык билдирди. Ошондой эле спортчулар үчүн бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктар менен бирдиктүү стипендиялык бюджетке Паралимпиада жана Сурдлимпиада түрлөрүн да киргизүүнү тапшырды.

1–15-май күндөрү Сурдлимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медал жеңген. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында Сурдлимпиадада алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти.

XXIV Сурдлимпидага даярдануу үчүн окуу-машыгууларга бюджеттен 1,5 миллион сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 миллион сом каралган.

Сурдлимпиада - дүлөй адамдар үчүн төрт жылда бир өткөрүлүүчү дүйнөлүк спорттук олимпиада.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG