Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Атамбаев кыйноого кабылганы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге күч колдонулагын тууралуу маселе бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланган отурумда көтөрүлдү.

Депутат Гуля Кожокулованын “Атамбаев кыйноого кабылганын айткан. Жыйынтыгы кандай болду?” деген суроосуна улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, жообун күтүп жатышканын, Жаза аткаруу кызматына жана Саламаттык сактоо министрлигине да маалымат берилгенин айтып жооп берди.

Окуя мартта катталса, андан бери убакыт өтүп, азыр июнь экенин белгилеген Кожокуловага Рысбеков “Тилекке каршы, кээде жооп алыш үчүн бир нече жолу жазып кайрылууга туура келет” деп айтты.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев текшерүүнүн жыйынтыгы качан белилүү болору тууралуу суроого “Анын өз процедурасы бар. Текшерүү жүрүп жатат. Зарыл болсо текшерүү мөөнөтүн узартабыз” деп билдирди.

Быйыл 23-мартта Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отурумуна жеткирилгени менен машинадан чыгуудан баш тартып койгон. Адвокат Замир Жоошев ошол күнү колониядан сотко Атамбаевди абак дарыгеринин ал ден соолугуна байланыштуу камакта да, сотто да отура албасы тууралуу бүтүмүнө карабастан, суукта жеңил кийимчен күч колдонуп алып барышканын айткан жана муну мыйзам бузуу деп атап, Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

24-мартта колониянын алдында мурдагы президенттин тарапкерлеринин акциясы өткөн. Алар Атамбаевге күч колдонулуп жатканын айтышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноого каршы борбордун, жактоочунун билдирүүлөрү жана акция боюнча комментарий берген эмес.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери 24-мартта №47 колониянын Атамбаев отурган камерасы боюнча видеолорду көрүүгө уруксат берилбей койгонун, мурдагы президенттин өзү менен жолукканда анын колу-бутунан көк ала так көрүшкөнүн билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абактан убактылуу ооруканага которулган. Ал 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча кармалган, андан башка да бир нече иш козголгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG