6-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын дагы 61 жаранын санкциялык тизмеге кошту. Алардын арасында каржы министри Жанет Йеллен, энергетика министри Женнифер Грэнхолм, президенттик кеңешчиси Майкл Донилон, Netlflix компаниясынын башчысы Рид Хастингс, Universal Pictures компаниянын жетекчиси Питер Крамер, Нью-Йорк фондулук биржасынын төрагасы Жеффри Спречер сыяктуу америкалык расмий жетекчилер, ишкерлер жана коомдук ишмерлер бар.
Москва мындай чечимге АКШнын орусиялык саясатчыларга жана ишкерлерге санкция салып жатканы себеп болгонун билдирди. Натыйжада, Орусиянын санкциялык тизмесине киргизилген америкалыктардын саны миңден ашты. Алардын арасында президент Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис да бар.
Орусия Украинага басып киргени үчүн Вашингтон Москвага бир катар каржы жана экономикалык санкцияларды киргизген. Дүйшөмбү күнү АКШ орусиялык бизнесмен Роман Абрамовичке "эки учакты лицензиясы жок экспорттоду" деген айып таккан. Соттун документтерине ылайык, эки учак АКШнын экспортту көзөмөлдөөгө байланыштуу мыйзамдарын бузуу менен Орусиянын аймагына чыгарылып кеткен.