Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Акылбек Жапаров Ички аудит кызматы боюнча түшүндүрмө берди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы түзүлдү. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-майда чыгарган.

Жаңы кызмат мамлекеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн финансылык контролду күчөтүү жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыздоо менен алектенет.

Акылбек Жапаров 7-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ички аудит кызматына бюджеттен кошумча каражат коротулбай турганын билдирди.

“Мындан ары күнүнө 200, 300 млн. же 1 млрд. сом коротулгандан кийин ошонун артынан карап турат. Ички аудиттин иши биздин чиновниктерди мыйзам буздуртпай алдын алуу”, - деди Жапаров.

Анын сөзүнө караганда, ушул тапта мамлекеттик мекемелерде бөлүнгөн каражаттын суммасына жараша көзөмөл кыла турган үчтөн төрт кишиге чейин кызматкерлер бар.

Кыргызстанда бийлик артыкбаш мамлекеттик органдарды кыскартып, кызматкерлердин санын азайтуу боюнча убадаларды берип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG