Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Украина: Северодонецк шаары үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатат


Украинанын Луганск аймагы.
Украинанын Луганск аймагы.

Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда украин күчтөрү менен орус аскерлеринин ортосунда Северодонецк шаары үчүн кармаш уланып жатат. Орус күчтөрү бул шаарга тынымсыз чабуул коюп жатканын Украинанын Коргоо министрлиги 7-июнда билдирди.

"Агрессордун негизги аракети Северодонецк жана Бахмут аймагына багытталган", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да Северодонецкиде татаал кырдаал түзүлгөнүнө карабастан украин күчтөрү Орусиянын чабуулдарына туруштук берип жатканын 6-июндун кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

"Северодонецкиде биздин баатырлар өз позициясынан артка чегинген жок. Шаардын көчөлөрүндө айыгышкан салгылашуулар уланып жатат. Орусия сокку урган Лисичанск, Славянск, Бахмут, Святогорье, Авдеевка, Курахово жана башка багыттар ушул тапта карама-каршылыктын негизги чордону болуп турат", - деди Зеленский.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай шейшемби күнү маалымдагандай, орус күчтөрү Северодонецкинин жанындагы Лисичанск шаарындагы жергиликтүү базарга жана мектепке сокку урду.

Эгер Северодонецк жана Лисичанск шаарлары орус күчтөрүнүн карамагына өтсө, анда Орусия бүтүндөй Луганск облусуна көзөмөлүн орноткон болот.

Британиянын чалгын кызматынын 7-июнда билдиргендей, дем алыш күндөрү украин күчтөрү Северодонецкинин айрым бөлүктөрүн орус аскерлеринен бошоткон. Ушул тапта орус армиясы шаардын чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG