Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Зеленский Запорожьеде кооптуу кырдаал түзүлгөнүн айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков аймагында, 29-май 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков аймагында, 29-май 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье облусунда кооптуу абал түзүлүп жатканын 6-июнда журналисттерге билдирди.

"Ачык жана ачык эмес маалыматтардан душман Запорожье шаарын басып алууну көздөп турганын түшүнсөк болот", - деп айтты украин президенти.

Зеленский украин күчтөрү Харьков аймагында жылыш жасап, айрым айыл-кыштактарды бошотуп жатканын, Луганск облусундагы Северодонецк шаарындагы татаал кырдаалга карабастан украин тарап орус аскерлерине каршылык көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Украин армиясынын Башкы штабы да орус күчтөрү Запорожье аймагында күчүн топтоп жатканын эскертти. Эгер Орусия Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарын басып алса, анда өлкөнүн борбордук бөлүгүнө кыйла жакындап барат.

Орус күчтөрү Запорожье облусунун бир бөлүгүнө буга чейин эле көзөмөлүн орноткон. Бул облус Украинанын түштүк-чыгышындагы ири өндүрүш аймагы деп саналат. Облуста Европадагы эң ири атомдук электр станциясы жайгашкан.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Учурда уруш көбүнесе Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG