Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу 8-июнда башталат


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 8-июнда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталарын айтты. Ал ГЭС түшө турган жерге көпүрө куруп, туннелди аягына чейин казуу керектигин билдирип, “бул иштерди өкмөт өз күчү менен жасайт” деди.

“Бюджетте 18,8 млн. доллар бар. Курулуштун биринчи этабын бүтүрүш үчүн бизге 3,5 жылдан 5 жылга чейин убакыт керек. 640 МВт гидроэлектрстанцияны беш жылда бүтүрөбүз деген план бар”.

30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын билдирген.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана “Камбар-Ата-1” ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Кийин Орусия “РусГидро” компаниясынын 37,5 млн. доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG