Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Бишкекте түркиялык ишкерге кол салууга шектелген эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте түркиялык ишкерге кол салууга шектелип жаткан эки адам боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Топ адам алдын ала сүйлөшүп алып ишке ашырган каракчылык” беренесинин негизинде тергелип жатканын 7-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-майга караган түнү жаңы конуштардын биринде болгон. Эки кылмышкер 57 жаштагы түрк жаранынын үйүнө кирип барышкан жана аны сабап, 60 миң сомун, баалуу буюмдарын алып кетишкен.

22 жана 23 жаштагы шектүү эки адам милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө.

Чет өлкөлүк ишкерлерге кол салуу фактылары Кыргызстанда буга чейин да катталып келген. Мындай окуялар инвестициялык абалдын начарлоосуна себеп экенин адистер айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG