Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Зеленский Украина өз жери үчүн күрөшүн уланта берерин айтты


Украина. 2022-жылдын 6-июнундагы сүрөт.
Украина. 2022-жылдын 6-июнундагы сүрөт.

Украина орус аскерлери басып алган бардык аймактарын өзүнө кайтаруу үчүн күрөшүн уланта берерин өлкө президенти Владимир Зеленский 7-июнда украин аскерлери өлкө чыгышында Северодонецк шаарында айыгышкан салгылашуусун улантып жаткан учурда билдирди.

Украина тарап соңку бир сутка ичинде Донецк жана Луганск облустарында орус аскерлери 16 калктуу пунктту аткылаганын, ал эми украин жоокерлери алардын 11 чабуулуна жооп кайтара алганын маалымдады.

Ага чейинки күнү Зеленский Северодонецк шаарында Орусия аскерлери саны жана курал-жарагы жагынан кыйла көптүк кылып жатканына карабастан украин аскерлери аларга туруштук берип жатканын айткан.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Северодонецктин борборунда украин аскерлери оор абалда экенин, бирок шаар Москванын көзөмөлүндө эместигин айткан жана Северский Донец суусунун боюндагы Лисичанск шаары аткыланып жатканын билдирген.

Эгер орус армиясы азыр Украинанын көзөмөлүндө турган бул эки стратегиялык шаарды алса, Луганск облусу толугу бойдон Орусияга өтөрүн талдоочулар айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG