Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Футбол: Кыргызстан Азия кубогуна чыгууга умтулат


Архив сүрөт. Футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Филиппин менен беттешүүдө. 16-январь, 2019-ж.
Архив сүрөт. Футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Филиппин менен беттешүүдө. 16-январь, 2019-ж.

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Алгачкы оюнда Кыргызстан менен Сингапур курамалары беттешет. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин барган. Бул жолу ошол ийгилигин кайталай алабы? Курамда эмне өзгөрүүлөр болду? Атаандаштарынын даярдыгы кандай?

Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт.

Улуттук курамага кошулган жаш оюнчулар

Улуттук курама команда бул жолу катарына бир катар жаш жана чет өлкөлүк клубдарда ойноп келген футболчуларды кошту. Алардын бири 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков учурда Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойнойт.

Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыгууда.
Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыгууда.

“Биздин тайпада фаворит, эң күчтүү бизбиз деп ойлойм. Анткени команда оюнчуларынын баасы боюнча эң кымбат биздин оюнчулар. Бирок ага карабастан оюн талаада ойнолот деп ойлойбуз. Бул тайпада лидер болуп Азия кубогуна чыгабыз деп ойлойм. Анткени эң күчтүү - бизбиз. Буюрса чыгабыз”,- деди Бекназ Алмазбеков "Азатыкка" курган маегинде.

Бекназ Алмазбеков - “Галатасарай” футбол клубуна мындан беш жыл мурда, 12 жашында барган. Ушул кезге чейин аталган клубдун өспүрүмдөр, жаштар командаларында ойноп, быйыл жыл башында “Галатасарайдын” негизги курамына кошулуп, Түркиянын лигасында оюндарга чыга баштады.

Алмазбеков: Улуттук курамада ойноо чоң сыймык
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:18 0:00

Улуттук курама командага жаңы кошулгандардын бири - орусиялык “Динамо” клубунда ойноп жүргөн Эрбол Атабаев.

“11-12 жашымда "Барселона" футбол клубунун мектебинде тарбияландым. Ал клубда жарым жылдай ойноп, кийин 18 жашыма чейин түрдүү клубдарда ойноп келдим. Испанияда футбол такыр башкача. Футболчулар да көп, атаандаштык да башкача. Башка оюнчуларда айырмаланууга аракет кылдым. Быйыл өз өлкөмдүн улуттук курама командасына кошулдум. Буга чейин мени Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакка ойнойт деп ойлошкон. Бирок Кыргызстандын улуттук курамасында ойноо менин кыялым эле. Мына ошол күн келип, бүгүн алгачкы машыгууга катышып жатам”.


Кыргызстандын улуттук курама командасына кирген 23 футболчунун тизмеси:

Дарбазачылар:
Валерий Кашуба ("Дордой")
Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата")
Эржан Токотаев ("Туран", Казакстан)

Коргоочулар:
Александр Мищенко ("Дордой")
Кайрат Изаков ("Абдыш-Ата")
Християн Браузман ("Абдыш-Ата")
Валерий Кичин ("Енисей", Орусия)
Виктор Майер ("Айнтрахт Рейн", Германия)
Тамирлан Козубаев ("Истерн", Гонконг)

Жарым коргоочулар:
Бекжан Сагынбаев ("Дордой")
Турсунали Рустамов ("Нефтчи")
Муролимжон Ахмедов ("Нур-Баткен")
Бахтияр Дүйшөбеков ("Алай")
Кайрат Жыргалбек уулу ("Аксу", Казакстан)
Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан)
Алимардон Шукуров ("Неман", Беларусь)
Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан)
Одилжон Абдурахманов ("Бунедкор", Өзбекстан)
Эрбол Атабаев ("Динамо Махачкала", Орусия)

Чабуулчулар:
Мирлан Мурзаев ("Алга")
Эрнист Батырканов ("Абдыш-Ата")
Абай Боколеев ("Дордой")
Бекназ Алмазбеков ("Галатасарай", Түркия)

"Үч беттеш тең оңой болбойт"

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин команда оюндарга даяр экенин айтты.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Үч оюнда тогуз упай алышыбыз керек. Биз буга аракет кылабыз. Буга чейин ар бир команда менен ойногонбуз. Сингапур курама командасы менен былтыр ноябрда беттешип, 2:1 эсебинде утканбыз. Андыктан ар бир атаандашыбыз тууралуу жетишерлик маалыматыбыз бар".

Крестинин 7-июндагы маалымат жыйынында алдыда жоопкерчиликтүү беттештер күтүп турганын айтып, күйөрмандарды колдоо көрсөтүүгө чакырды.

“Албетте, биз дайыма стадионго келген күйөрмандардан эң жакшы колдоону күтөбүз. Баарыбыз бир ишти кылып жатабыз. Билишимче, биз алгачкы жолу тандоо оюндарын кабыл алып жатабыз. Чоң жоопкерчилик бизде, футболчуларда жатат. Бизге күйөрмандардын колдоосу зарыл. Ар бирине ыраазычылык билдиребиз. Стадион толо күйөрмандар келет деп ишенебиз. Күйөрмандарды кубантуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Футболдон көрүшөлү!”.

Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая:

Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Кыргызстан абдан күчтүү команда. Силерде мыкты оюнчулар көп. Ошол эле учурда биз чакырыкты кабыл алганды жактырабыз жана жакшы жыйынтыкка ишеним артабыз. Кыргызстан рейтингде жогору турарын жакшы түшүнөбүз. Ошондой болсо да күчтүү командалар менен ойногондон коркпойбуз”,-деди.

Футбол баяндамачысы Адилет Темирланов F тайпасында командалар арасында атаандаштык күчтүү боло турганын белгиледи.

“Бир жыл мурда кандайдыр бир божомол кылса болот эле. Азыркы учурда өтө оор десем болот. Себеби Тажикстан, Сингапур, Мьянманын акыркы беттештерине таяна турган болсок, жолдоштук беттештери өтө оор өтүп, жакшы оюн көрсөтүштү. Күчтүү командалар менен татыктуу ойношту. Ошондуктан биз фаворитпиз, сөзсүз турдө жеңишке жетебиз дегенден алысмын. Анткени ар бир командада бир оюн, бир эле мүмкүнчүлүк. Албетте, биз тайпанын фаворитибиз. Тогуз упайды ала алабыз. Бирок Сингапурдун, Мьянманын акыркы оюндарын эске алганда жеңишке жетишибиз оор болот”.

Команданын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков команда ишенимдүү беттеш өткөрөт деген пикири менен бөлүштү.

“Сингапур менен былтыр ноябрь айында ойноп 2:1 эсебинде жеңгенбиз. Бирок ал кезде мыкты деген 5-6 оюнчусу келбей калган экен. Бул оюнда ал команданын курамы мурдагыдан дагы күчтөнүшү мүмкүн. Негизинен тааныш команда. Бирок тааныш деп айталы десек, башкы машыктыруучусу дагы алмашып кеткен экен. Ошол себептен ким билет, кандай футбол ойношот. Ошол үчүн бизге дагы жаңылык болот. Негизинен үч оюн тең кыйын болот. Өз жерибизде канчадан бери ойной элекпиз. Биринчи беттеш толкундануу менен башталат. Командалар дагы өз талаасында коргонууну башташат. Мьянма менен деле, Тажикстан менен деле оюндар кыйын болот. Албетте, ишенимдүүбүз",- деди Мусабеков.

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Шегрт (Petar Segrt) айрым алдыңкы оюнчулар курама командага кошулбай калганын, ошондой болсо да курамга купулу толорун айтты.

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Штегрт маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Штегрт маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Кыргызстандын өкүлдөрү мелдешке жакшы даярданыптыр. Бизди тосуп алгандан тартып, бизге жасаган мамилеси, биз жашаган мейманкана бардыгы жогорку деңгээлде. Албетте, ар бир команда жеңиштен үмүт кылат. Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапур деңгээли боюнча бир-бирине жакын. Ар бири уткусу келет. Бирок биз ар бир атаандашты сыйлайбыз. Коронавируска байланыштуу оор кырдаалда этият болушубуз керек. АФК коргоо чараларын жакшы түзүп берген. Команданын азыркы курамына купулум толот. Бирок жарат алганына байланыштуу жана башка себептер менен (Алишер Жалилов, Искендер Жалилов, Табрези Давлатмир жана үчүнчү дарбазачы Далерджон Баротов) алдыңкы төрт оюнчунун командага кошулбай калганы өкүндүрөт. Бул оюнчулар NAVRUZ CUP - 2022 мелдешинде Кыргызстан менен беттешке чыгышкан. Ошого карабай Тажикстан Азия кубогуна чыгат деп үмүттөнөбүз жана улуттук курама командада ойноого татыктуу башка да мыкты оюнчулар бар деп ишенебиз”.

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары акыркы жолу ушул жылы март айында Өзбекстанда Навруз кубогунда беттешкен. 3-орун үчүн оюнда тажик футболчулары 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

31-мартка карата жарыяланган ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95, Тажикстан 114, Мьянма 152, Сингапур 158-катарда.

Азия кубогунун тандоо оюндары. F тайпасы
1-тур
8-июнь (шаршемби)
16:30. Тажикстан - Мьянма
20:00. Кыргызстан - Сингапур
2-тур
11-июнь (ишемби)
16:30. Сингапур - Тажикстан
20:00. Кыргызстан - Мьянма
3-тур
14-июнь
16:30. Мьянма - Сингапур
20:00. Кыргызстан – Тажикстан.

Азия кубогундагы Кыргызстандын ийгилиги

Кыргызстандык футбол күйөрмандары.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышты. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Биринчи жолу катышып жатса да Кыргызстан 1/8 финалга чейин жеткен. Тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея менен курч атаандаштыкта тең ата күч сынашкан. Филиппинди 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалда БАЭ курамасы менен курч беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери 4 жылда бир жолу өткөрүлүп келүүдө. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

2019-жылы БАЭде өткөн чемпионатта Катар курамасы жеңишке жеткен.

Алдыдагы Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтмөкчү. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштады. Ага чейин 16 команда катышып келген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG