Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.

“Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясы долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

Бул тууралуу 8-июнда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, инфраструктура иштери үчүн 20 млн. доллар бөлүндү.

Министрдин маалыматына ылайык, “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорунун 2014-жылдагы техникалык-экономикалык негиздемесинде долбоорго 2 млрд. 900 млн. доллар кетет деп эсептелген. Азыр аны базар баасына ылайык келтирүү иши жүрүп жатат.

8-июнда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө президент Садыр Жапаров старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Доскул Бекмурзаев ГЭСти курууга Казакстан менен Өзбекстан каршы эмес экенин, бул мамлекеттер менен ГЭСтин курулушуна катышуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок кандайдыр бир келишим жок экенин айтты. (BTo/MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG