Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Шаардык сот Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты


Фарид Ниязов. Архив сүрөт.
Фарид Ниязов. Архив сүрөт.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч канааттандырылган жок.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Ниязовдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда быйыл апрелде 18-июнга чейин деп аныкталган.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар учурунда бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Кой-Таш жана 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча кармалгандар арасынан азыр абакта Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана калышты. Атамбаев бул иштерден тышкары козголгон “Батукаев ишине” байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG