Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Сот Жээнбекованын жер боюнча ишинин эскирүү мөөнөтүн алды


Мира Жээнбекова.
Мира Жээнбекова.

Бишкектин административдик соту мурдагы судья Мира Жээнбекова Бишкектен мындан 18 жыл мурун сатып алган 4 сотых жер боюнча ишти кароодо иштин эскирүү мөөнөтү алынып салынсын деген чечим чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” 8-июнда Жээнбекованын агасы, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, карындашы 18 жыл мурун Бишкектин Чыгыш 5 районунан 4 сотыхка чукул жерди аукциондон сатып алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал мыйзамсыз алынган деген айып койгон.

“Мунун баары эле мага, бир туугандарыма жана оппозициялык саясатчыларга басым. Биз азыр жерди сатып алуудагы дүмүрчөктү таба албай жатабыз. Бирок аны эч ким 20 жыл сактабайт да”, - деди Жээнбеков.

Мира Жээнбекова 2016-2021-жылдары Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп иштеп, былтыр кызматтан алынган.

2021-жылы апрель айында УКМК Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган. 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын билдирген.

Жээнбекова бул айыптарды толук четке каккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG