Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Сырттан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланары айтылды


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Чет жактан жөнөтүлгөн акчаны ошол валютада берүүдөн баш тартып жаткан коммерциялык банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени көтөргөн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Ал мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керектигин айтты:

“Орусиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек. Эгер банктар рубль бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурлап жатса, бул мыйзам бузуу. Ошондой фактылар болсо, бизге кайрылса, Улуттук банк тиешелүү чара көрөбүз”.

Нурбек Жеңиш мындайга туш болгондор 0(312)610486 номуру аркылуу

Улуттук банктын коомдук кабылдамасына кайрылса болорун кошумчалады.

Европадагы журтташтар Кыргызстанга которгон акчасын жакындары доллар жана евро менен ала албай жатканына нааразы болуп, жиберилген каражат сомго эң төмөн курс менен которулуп, ортодо жоготууга учурап жатышканы белгилүү болгон. Ушундай эле көйгөй Орусиядан акча которууларга байланыштуу да чыгып жатканы айтылган.

Улуттук банк бул маалыматты четке кагып, банктарда евро же доллар жетиштүү көлөмдө болбой калышы мүмкүн деген жүйө келтирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG