Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады


Жээнбек Кулубаев жана Ван И.
Жээнбек Кулубаев жана Ван И.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 7-июнда Нур-Султан шаарында жолугушту.

Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору, Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана Кытайдын грантына Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу маселеси талкууланды.

Тараптар кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттерден жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча да макулдашканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарларды.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү быйыл март айында пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткен. Эки өлкөнүн чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” аркылуу жүк ташуу коронавирус пандемиясынан улам азайып кеткен.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Бул темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ишке ашпай келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG