Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Милиция окуучусу каза болгон мугалим камалганы тууралуу маалыматты четке какты


"Ала-Тоо" аквапаркы.
"Ала-Тоо" аквапаркы.

Окуучусу аквапаркта каза болгон класс жетекчи камакка алынганы тууралуу маалымат жалган экенин 8-июнда “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын жана ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматтары кабарлашты.

Шаардык билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иштеп жатканы, эч ким кармалбаганы айтылды.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, “Тез жардам” кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда.

8-июнда айрым маалымат булактары окуучунун класс жетекчиси камакка алынганын, анын өзүнүн эки кичине баласы бардыгын жана ал кош бойлуу экенин жазып чыгышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG