Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Парламент Мамлекеттик өнүктүрүү банкы боюнча маселени карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү долбоору бүгүн 9-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда кароого чыгарылат. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинети.

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Анын максаты - экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана дем берүү экени айтылган. Бирок, “Акчабар” каржылык порталы белгилегендей, бюджетте акча жок болгондуктан ал ишке ашпай келе жатат. Басылманын пикиринде, мындай банк түзүү үчүн кеминде 2 млрд сом талап кылынат, ошондуктан өкмөт азыр иштеп жаткан мамлекеттик банктарды негиз кылыш мүмкүн.

Быйыл 16-февралда Жогорку Кеңеште мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алуу маселеси талкууланып жатканда өкмөт башчы Акылбек Жапаров “Өкмөт элдики, “Айыл банк” жана “РСК банк” элдики, жакында “Керемет банкты” кошуп жатабыз” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG