Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Конституциялык сот тергөөнүн маалыматтары боюнча беренеге байланыштуу чечим чыгарды


Конституциялык соттун имараты.
Конституциялык соттун имараты.

Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин “Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик” беренесинин эки жобосу Баш мыйзамга жарым-жартылай карама-каршы келет деген чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 8-июнда билдирди.

Конституциялык сот ачыкка чыгарыла турган маалымат тергөөнүн талаптарына каршы келбесе жана ишке тиешеси бар тараптардын укуктарын бузбаса, ал ачык жарыяланууга тыюу салынган маалыматтардын тизмесине кирбей турганын кабарлады.

Ошол эле учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин “Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик” беренеси адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн Конституцияга каршы келбейт деген чечим кабыл алынды. Айрым маалыматтардын ачык жарыяланышы тергөөнүн жана анын катышуучуларынын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн экени айтылды.

Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 167-беренесинде тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен ачык айтыла турган маалыматтардын тизмеси аныкталышы керектигин белгилейт.

“Медиа Полиси Институтунун” юристтери Кылмыш-процессуалдык кодекстин тергөө амалдарын ачыкка чыгарбоо жөнүндөгү жобосун Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнүп, Конституциялык сотко арыз берген.

Кылмыш-процессуалдык кодекстин “Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик” боюнча 167-беренесинин 1-2-жобосунда “Кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбоого тийиш” жана тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти, адисти, котормочуну жана тергөөгө катышкан башка адамдарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга болбой турганын эскертери жазылган. Мыйзамды бузган учурда жоопкерчиликке тартылары айтылып, тил кат алынат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG