Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Зулушевдин маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 26-ноябрь, 2021-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңеште 8-июнда Акыйкатчы институтунун жылдык баяндамасы угулуп жатканда Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматынан убактылуу четтеттилишинин мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтеттүү мыйзамсыз экени айтылып жатканын, президенттин чечими Конституцияга туура келер-келбесин сурады.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев: “Менин ага комментарий берүүгө укугум жок. Чечим кабыл алынды. Аны аткарууга тийишпиз”,-деп жооп берди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгоду.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Курманкул Зулушевди башкы прокурор кызматынан убактылуу четтетүү Конституцияга каршы келбей турганын жана ал үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок экенин билдирген.

Ал “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамда кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу үчүн мамлекеттик кызматтагы адамдарды убактылуу чететтүү укугу бар экенин кошумчалаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG