Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Temirov LIVE каналынын кызматкери боюнча арыз райондук сотто каралмай болду


Temirov LIVE каналы.
Temirov LIVE каналы.

Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын журналистинин интимдик видеосун тарткан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери делген кишиге каршы арыз Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 8-июндагы отурумда чыгарды.

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров буга чейин Аскер прокуратурасы УКМКнын кызматкери делген адамга кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, аны райондук сот да колдогонун билдирген.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында Temirov LIVE каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

Кийин Болот Темировго Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Temirov LIVE каналынын иликтөөсүнөн кийин Болот Темиров менен аялынын телефон сүйлөшүүлөрү жашыруун жаздырып алынган аудио тараган. Ошондой Temirov Live каналынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор чыккан. Болот Темиров ал видеону УКМКнын кызматкери делген адам жашыруун тартып алып таратканын билдирүүдө.

УКМК видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG