Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 9-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG