Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

ӨКМ: Жоокердин сабалышына байланыштуу алты кызматкер иштен четтетилди


Урматбек Шамырканов (оңдон экинчи)
Урматбек Шамырканов (оңдон экинчи)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алты аскер кызматкери жоокердин катуу сабалышына байланыштуу иштен четтетилгенин бүгүн 8-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, жоокер аскер кызматкеринин ур-токмогуна кабылганы ал №4 ооруканада операция болгондо гана аныкталган. Ага чейин ал зомбулукка кабылганын айткан эмес. Алгач Беловодское айылында, кийин республикалык ооруканада текшерилгенде деми кыстыгып, кыйналып жатканына байланыштуу пневмония деген диагноз коюлган.

№4 ооруканага алып барып, операция жасашканда жоокердин табарсыгы жарылганы аныкталган. Прапорщик тээп жибергенин ал ошондон кийин гана айткан. Дарыгерлер операция жасоо оор болгонун айтышкан.

Жоокердин катуу сабалышына шектелип келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери кармалганын 7-июнда Башкы прокуратура билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 7-июнда жоокердин атасы кайрылып, 1-июнда уулун прапорщик сабаганын билдирген жана анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин аша чабуу тууралуу беренесинин негизинде иш козголгон.

ӨКМ Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын билдирген.

Сабалаган жоокердин жакындары Интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, укук тартибин коргоо органдарынан, бийликтен жардам сурашкан жана келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтышкан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG