Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

ЖК: Табият кырсыгынан жабыркаган аймактар маселеси айтылды


Сузак районунан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.
Сузак районунан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

Табият кырсыгынан мал-жандыгынан, өстүргөн өсүмдүгүнөн жоготууга учурап жаткан малчы жана дыйкан-фермерлер маселеси бүгүн 8-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда жааган калың карда малчылар 800дөй кой-эчкисинен жана 400дөн ашык бодо малынан ажыраганы, Талас, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында да көйгөй бар экени айтылып, аларга президенттин, өкмөттүн, парламенттин, район акимдеринин жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонддорунун акчасынан каражат бөлүп, жардам берүү керектиги белгиленди.

Сырт өрөөнүндө кырылган мал.
Сырт өрөөнүндө кырылган мал.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өткөн айда катуу жааган жаандын жана мөндүрдүн кесепетинен пахта талааларын суу алып, жуулуп кеткени, дыйкандар зыянга учурап турганы, арасында банктан гектарына 70-75 миң сомдон кредит алып иштетип жаткандары да бар экени, алар өкмөттөн жардамга муктаж болуп турганы айтылды.

Быйыл Кыргызстанда жаз айлары жаанчыл болуп, көпчүлүк аймактарда сел жүрдү, тоолуу аймактарда калың кар жаап, ашуулардан өтүү кыйындады. (RK)

Ысык-Көлдөгү калың кар: Кырдаал кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG