Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Берлинде автоунаа топтошкон кишилерди сүзүп кетти


Берлиндин борборунда куткаруучулар жабыркагандарга жардам берип жатышат. 8-июнь, 2022-жыл.
Берлиндин борборунда куткаруучулар жабыркагандарга жардам берип жатышат. 8-июнь, 2022-жыл.

Германиянын баш калаасында автоунаа топтошкон адамдарды сүздү. RBB радиостанциясы кабарлагандай, кырсыкта бир киши мерт кетип, он чакты адам жараат алды.

Окуя 8-июнда калаанын батышындагы Шарлоттенбург районундагы Ранкештрассе көчөсүндө болду. Полициянын маалыматына караганда, машиненин айдоочусу кармалып, окуянын себептери териштирилип жатат. Ал адамдарды атайылап сүзгөнбү же кокустан болгон кырсыкпы, азырынча белгисиз.

Жеринде азыр 60тай куткаруучу иштеп атат.

Ушул эле көчөдө 2016-жылы да теракт болгон. Анда жүк ташуучу машине жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды сүзүп, 12 киши набыт кеткен. Ал окуя үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму алган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG