Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Мьянма курама командасын Кыргызстан 0-2 эсебинде утту. Кыргызстандын эки голун тең чабуулчу Виктор Майер киргизди.

Оюн 11-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү.

Ушул күнү Бишкекте Сингапур менен Тажикстандын курамалары беттешип, Тажикстан 0:1 эсебинде жеңди.

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Тажикстан жана Мьянма командалары менен ойноп жатат. 8-июнда Кыргызстан Сингапурду 2:1ге жеңген.

Ошол күнү Тажикстан жана Мьянма командалары беттешип, тажикстандыктар 4:0гө уткан. Учурда бул тайпада Тажикстан менен Кыргызстанда алтыдан упай бар. Сингапур менен Мьянма командалары упай ала элек.

Кыргызстандын футболчулары 14-июнда Тажикстан менен беттешет. Азия кубогунун тандоо оюндары жалпысынан алты тайпада өтүп жатат.

Тайпада лидер болгон алты команда жана экинчи орунду алган беш мыкты команда бир жылдан кийин Кытайда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алат. Кыргызстан буга чейин 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG