Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түптөөнү сунуштайт


Ала-Арча. Чүй өрөөнү.
Ала-Арча. Чүй өрөөнү.

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо жаатында бир катар демилгелерди эл аралык коомчулукка сунуштоону пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алганда айтты. Мамлекет башчысынын сайтындагы кабарга ылайык, Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн ири коалициясын түзүү, өнүктүрүү фондун түптөө, жана башка программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу маселесин козгоду .

Амина Мохаммед Садыр Жапаров башында турган кыргыз делегациясы ушул жылдын ноябрында өтчү климат боюнча кезектеги саммитке катышарына үмүт артты.

Расмий кабарга ылайык, сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалууда.

Кыргызстандын демилгеси менен БУУ 2022-жылды - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялаган. Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG