Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Ашхабадда көп кабаттуу үйлөргө суу чектелип бериле баштады


Ашхабад шаары.
Ашхабад шаары.

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда көп кабаттуу үйлөргө түтүк аркылуу кирген ичүүчү суу чектелип бериле баштады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары билдиришкендей, шаарда 8-9-июнда күндүз суу толук токтоп, кечинде гана чыккан. Түнкүсүн кайрадан өчүрүлүп, 10-июнда кайрадан жандырылган.

Калаа бийликтери суунун өчүрүлүшү тууралуу маалымат тараткан эмес жана түшүндүрмө да берише элек.

Ашхабаддын борбордук суу менен камсыздоо системасы маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап турат. Көбүнчө жай айларында бир нече күнгө суу токтоп калмай жайы бар. Мындай учурларда адатта бийлик өкүлдөрү жер-жерлерге автоунаалар менен суу ташып жеткирип турат.

Мындай жагдайды адистер шаардын суу түтүктөрүнүн эскириши жана суу кампаларынын соолуп баратышы менен түшүндүрүп келет. Шаардагы суу камсыздоо системасынын көп бөлүгү 1940-жылдардан бери жаңыланган эмес. Суу борборго Каракум каналынан тартылат.

Жаңы шайланган президент Сердар Бердымухаммедов Каспий деңизинин жээгинде сууну тузсуздаштыруучу система куруп, ошол жактан Ашхабадга түтүк аркылуу түз ташып келүүнү мерчемдөөдө. Ал буга байланыштуу 8-июндагы жыйында маселе көтөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG