Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Бердянск шаарындагы жарылуулардан кийин калаанын бир бөлүгүндө жарык өчтү


12-июнда белгиленип жаткан Орусиянын күнүн утурлай Бердянск шаарында көрнөк-жарнактар ​​илинди.
12-июнда белгиленип жаткан Орусиянын күнүн утурлай Бердянск шаарында көрнөк-жарнактар ​​илинди.

Украинанын Запорожье облусунун түштүгүндөгү орус армиясы көзөмөлдөгөн Бердянск шаарында жекшемби күнү эртең менен бир нече жарылуу болду. Окуянын күбөлөрү жана бир катар телеграм каналдары турак-жайлардын арасынан асманга көтөрүлгөн коюу кара түтүн тартылган тасмаларды жарыялашты.

Запорожье облусунун администрациясынын Орусия дайындаган, эл аралык коомчуулук тааныбаган мүчөсү Владимир Рогов шаарда теракт болгонун билдирди. Ал эми мэриянын телеграм-каналында жарылуулар көмөкчордондогу кыска туташууга байланыштуу экени, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калганы кабарланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматта электр энергиясы жакынкы аралыкта калыбына келтирилери белгиленген.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Бердянск февралдын аягында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. 12-июнда белгиленип жаткан Орусиянын күнүн утурлай шаарда бул майрам менен куттуктаган көрнөк-жарнактар илинди. Калабада катуу жабыркаган Мариуполдун башкы аянтына да орус желеги орнотулганы кабарланууда.

Буга чейин Запорожье облусунун Орусия оккупациялаган бөлүгүндөгү бир катар шаарларда жардыруу болгон. Энергодарда жарылуудан жергиликтүү оккупациялык администрациянын башчысы жаракат алды. Мелитополдо да жардыруу болгон.

Жардырууларга жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG