Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Акыйкатчынын кеңсеси USAID менен кызматташтыкты улантат


Акыйкатчы Атыр Абдрахматова USAID уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын директору Кайя Адамс менен жолугушуп, адам укуктары, эркиндиктери, сот адилеттиги жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Аталган эл аралык уюмдан кабарлашкандай, алар гендердик жана үй-бүлө зомбулугу маселелердин чечимин табуунун жеткиликтүү жолдорун изилдөөгө макулдашышты. Ошондой эле "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында элге юридикалык жардам көрсөтүү кызматтарын уланта берүүнү сүйлөшүштү.

Акыйкатчынын кеңсеси менен USAID уюмунун бир канча жылдан берки кызматташуусунун алкагында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтчү "115 шыр байланыш телефону" кызматы иштеп жатат. Жер талаш, жарандык укуктар, үй-бүлө көйгөйлөрү сыяктуу маселелерде элге юристтер кеп-кеңеш беришет.

"Жигердүү жарандар" долбоорун USAID каржылап, FHI 360 жана Кыргызстандагы өнөктөш уюмдар аркылуу ишке ашырылат. (SE)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG