Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Москвада кыргызстандыктардан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Москвада кыргызстандыктардан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
Москвада кыргызстандыктардан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шек саналган кылмыштуу топтун жети мүчөсүн кармады.

Министрликтин маалыматында, алар 10-июнда “Кузьминки” паркынын аймагынан 32 жаштагы адамды уурдап кетип, Москва шаарында ижарага алган батирде кармап, 1 млн. 800 миң рубль талап кылган. Атайын операцияда кылмыштуу топтун лидери жана анын мүчөлөрү колго түшкөн.

Аларга тиешелүү Hyundai жана Volkswagen Polo автоунааларынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Бул боюнча Орусияда адам уурдоо фактысынын негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмыштуу топтун Москва облусунда ушул сыяктуу эки оор кылмышка катышы бар экени аныкталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG