Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Ташиев Равшан Жээнбековго эскертүү берилерин билдирди


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бир катар саясатчылар абакта жатып каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн өз максатында колдонуп жатканын айтты.

Бул тууралуу Ташиев "Новые лица" гезитине курган маегинде билдирген. Ал мындай саясатчылардын катарына мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошеваны кошкон.

"Бүгүн эртең менен тиешелүү бөлүмдөргө Равшан Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырдым. Маселенин маңызын билбей, түшүнбөй туруп, маалымат таратуу ага терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн", - деп эскерткен УКМК төрагасы Ташиев.

Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" азырынча аны УКМКга чакырыша электигин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылып, Казакпаевдин өлүмү үчүн отставкага кетүүгө чакырды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан 9-июнда оор абалда ооруканага түшкөн саясат таануучу профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 10-июнда 56 жаш курагында көз жумган. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык" боюнча шек саналып кармалган. Ага чейин саясат талдоочунун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сындаган маеги жергиликтүү гезиттердин бирине басылган. Марат Казакпаевдин жубайы жолдошу УКМКда кыйноого кабылганын айтып чыкты. Атайын кызмат муну четке каккан.

Өлкөдөгү бир катар активисттер, оппозициячыл саясатчылар Казакпаевдин өлүмүнө бийликти күнөөлөп, тиешелүү баа берүүнү талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG