Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Казакпаевдин өлүмү: күч органдарына айтылган сын


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

Кыргызстандагы саясат талдоочулар, илимпоздор жана эксперттер укук коргоо органдары Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөсү керектигин эскертти. Бул окуя тергөө абагында жаткандардын укугунун корголушун күн тартибине чыгарды.

Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан ооруканага түшүп, эсине келбей, 10-июнда каза болушу укук коргоо органдарына сынды күчөттү. Алар Казакпаевдин "ден соолугу начарлаганын далилдеген дарыгерлердин чечими чыкканына карабай, бөгөт чарасы каралбай, абакта калтырылганына" нааразылыгын билдирип жатышат.

11-июнда Кыргызстандагы бир катар илимпоздор жана эксперттер Аскар Айтматов, Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Заирбек Эргешев, Эмил Жороев, Денис Бердаков, Турат Акимов кайрылуу жасап, тийиштүү органдардан окумуштуунун өлүмүнүн себептерин тыкыр иликтөөнү өтүнгөн.

"Казакпаевдин иши жабык каралып жатканы үчүн соттук процесс боюнча эч кандай маалыматыбыз жок. Болгону анын өлүмүнө себеп болгон жагдайлардын тыкыр териштирилишин сурандык. Анткени адвокаты ден соолугунун начар экенин далилдеген чечим бар болчу деп жатпайбы",-деди саясат талдоочу Марс Сариев.

Кечээ, 10-июнда "Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси ушул окуя боюнча президентке кайрылып, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигине чара көрүүнү, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылган. Ошондой эле кылмыш ишинин козголушу, тергөө жана "Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактылары" кылдат каралышы керектигин эскерткен.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул маселе коомдо кызуу талкууланып жатканын, алардын нааразылыгына жооп катары Башкы прокуратура териштирүү жүргүзүшү керек дейт.

"Башкы прокуратура окуяга тиешеси бар кызматкерлерди тартып, оорунун тарыхын карап, кандай жардамдар көрсөтүлгөнүн жана башка жагдайларды териштирип, жыйынтыгын коомчулукка айтышы керек. Бул бүдөмүк бойдон калса аягы жакшы болбойт. Ансыз деле "системанын курмандыгы болду" деген сыяктуу сөздөр айтылып жатат".

УКМКнын тергөө абагында отурганда Казакпаевге ар кандай кыйноолор болгонун, ден соолугунун начар экенин далилдеген Улуттук кардиология жана терапия борборунун консилиумунун чечими бар экенине карабай, сот аны үй камагына чыгарбаганын жубайы Анар Казакпаева айтып чыккан эле.

Улуттук коопсуздук комитет саясат талдоочунун өлүмү боюнча комментарий берип, Марат Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп,керектүү дары-дармектер менен камсыздалып турганын билдирген. 1"9-майдан 9-июнга чейин Казакпаевдин адвокаттары аны ооруканага которуу тууралуу кайрылган эмес" деген.

Омбудсмен институту Марат Казакпаевге медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, эмне себептен бөгөт чарасы өз маалында каралбаганын териштире баштаганын билдирди. Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов "мында эмнеге сот анын медициналык көрсөтмөсү далилдүү көрүнүп турса дагы, ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берген эмес деген дагы бир маселе бар” деди.

Былтыр ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандагы абал талкууланып, жабык жайлардагы абал эл аралык да, мамлекеттик да стандартка туура келбеси айтылган. Комитет кыйноо фактыларын иликтөө функциясы прокуратурадан Улуттук коопсуздук комитетине берилгенин сындап, кылмышка шектүүнү кармаган мекеме ошол эле маалда күч органдарынын кыйноосуна кабылган кишинин ишин кантип иликтейт деп суроо салышкан.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу атайын кызматта чындап эле кыйноого кабылгандардын ишин иликтөөдө мүчүлүштүк бар экенин мойнуна алган. Ал 1-декабрдан тарта Коопсуздук комитети менен катар эле прокуратура дагы кыйноо фактыларын иликтей баштарын кабарлаган эле.

Башкы прокуратура Казакпаевдин өлүмү боюнча азырынча маалымат тарата элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Казакпаев ден соолугунун начардыгына карабай камакта жаткан көпчүлүктүн бири экенин белгилейт. Абактагылардын дарыланууга болгон укугун коргоо тандалма жүрүп жатат дейт.

“Мен акыркы жолу кармалгандарды кыдырып чыккан учурда 37 адамдын тизмесин бийликке бергем. Алар кармоо жайларынын медициналык кызматкеринен тышкары саламаттык сактоо адистеринин кийгилишүүсүн күтүп жатышат. Анткени, абалдары өтө оор. Мисалы, 17 жаштагы жигит бир бөйрөгүн апасына берген экен. Абалы оор болсо да кармалып турат. Буга окшогондордун медициналык жардам алуу укугу кандай болуп жатат. Оор диагноз менен Фарид Ниязов кармалып турат. Ага да жардам керек. Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча соттун чечими бир айлап аткарылбай турду. Ошол эле учурда Ширшов кармалган жок. Демек, мыйзамдын аткарылышы тандалма жүрүп жатат. Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылгандай мамлекеттик кызматта иштебесе да оор шартта кармап турду”.

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаевге "мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, бир жылдан бери тергеп жаткан. Анын менен кошо кармалган адам Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков экенин кийин маалымат агенттиктери жазып чыгышкан.

56 жаштагы илимдин доктору, профессор Марат Казакпаев Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Ал эмгек жолун ушул эле окуу жайдын философия жана дин таануу кафедрасында баштаган. Кийин саясат таануу кафедрасына которулган. Казакпаев соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде сабак берип келген. Ал эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуяларды талдап, аларга комментарий берип турчу.

Кармалардын алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырган.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон. 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG