Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешет. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Турнирдик жадыбал көрсөткөндөй Кыргызстандын алты упайы тайпадан чыгууга кепилдик бербейт.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышкан. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Кыргызстандын футбол союзу күйөрмандарга кайрылып стадионго дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө тыюу салынганын эскертти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG