Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:54

Украин жүгөрүсү альтернативдүү маршрут менен Испанияга жеткирилди


Украина
Украина

18 тонна украин жүгөрүсү жүктөлгөн кеме дүйшөмбү күнү Испаниянын түндүк-батышындагы портко келди. CNN маалымдагандай, Орусия кошуна өлкөсүнө кол салгандан бери Еврошаркет данды деңиз аркылуу биринчи жолу алды. Кеме Испанияга Балтика деңизи менен барган.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Дмитрий Сеник 22 тонна буудайды Румыния, Польша жана Балтика өлкөлөрү менен ташуунун жаңы маршруттары түзүлүп жатканын Reuters агентигине жекшембиде билдирген.

Украина буудайдын ири экспортерлорунун бири. Былтыр 45 миллион тонна данды тыш жактарга саткан. Ушу тапта өлкөнүн порттору блоктолуп турат. Киев жээктеги жерлер миналардан тазаланса, Орусия андан пайдаланып, Одессага чабуул коёт деп чочулайт. Буга чейин БУУнун расмий өкүлү Маурицио Мартина Орусия баштаган согуштун айынан дүйнөдө ачарчылыкка кабылган кишилер 18 миллионго көбөйүшү ыктымал деп эскерткен.

Украин бийлиги Орусияны оккупацияланган аймактардагы данды уурдап, чыгарып алып жатат деп айыптоодо. Москва муну танып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG